www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча резолюцияны кароону токтотту.
Демилгени токтотууну 232 конгрессмен колдоп, 147си каршы добуш берди.
Резолюцияны демократ конгрессмен Эл Грин сунуштап, Трамптын администрациясын иммиграциялык органдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарандык укуктарды жана мыйзамдуу процедураларды бузууга жол берген деп айыптаган.
Бул Гриндин Трампка импичмент жарыялоо боюнча 8-демилгеси болду. Демократиялык партиянын жетекчилиги алдын ала толук иликтөө жана парламенттик угуу өткөрүлмөйүнчө импичмент жараянын баштоону колдобой турганын билдирген.