www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд учурунда мыйзамсыз балык уулоодо колдонулган 3 миң 200 метр синтетикалык тор чыгарылып, 70 кг таштанды чогултулду.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын маалыматына караганда, рейддик иш-чаралар 14–15-сентябрда жүргүзүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн акваториясынан эски синтетикалык торлор чыгарылып, жээктен жана суу аймагынан 70 кг ар кандай таштанды чогултулуп, атайын жайга жеткирилди.
Рейддер суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө, браконьерликтин алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо максатында туруктуу өткөрүлүп жатат.