www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбооруна ылайык, жеке маалыматтарды талапка ылайык иштетпөө, аларды коргоо талаптарын сактабоо же уруксатсыз таратуу үчүн:

  • жеке жактарга — 2,5 миң сом;
  • кызмат адамдарына — 10 миң сом;
  • юридикалык жактарга — 65 миң сом айып пул салынат.

Мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса, юридикалык жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 120 миң сомго чейин жетет.

Балдардын жана атайын категориядагы жеке маалыматтарды коргоо талаптарын бузган учурларда жоопкерчилик күчөтүлөт. Мындай учурда юридикалык жактарга 80 миң сом, ал эми мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайталанса 140 миң сомго чейин айып пул каралган.

Мындан тышкары, жеке маалыматтарды мыйзам талаптарын бузуу менен башка өлкөгө өткөрүп берүү үчүн да жоопкерчилик киргизүү сунушталууда.

Последние новости