www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери бийлеп жаткандай көрсөтүлгөн, жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган видео тараган.

ЖКККББнын маалыматына караганда, коомчулукта кеңири талкууга алынган видеону даярдаган жаран аныкталды.

Аны менен түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, мындай мазмундагы видеоматериалдарды кайра даярдап, таратууга жол берилбестиги эскертилди.

ЖКККББ жарандарды жасалма интеллект аркылуу милиция кызматкерлеринин образын бурмалаган, коомчулукта туура эмес түшүнүк жаратуучу жана милициянын кадыр-баркына шек келтире турган материалдарды даярдап, таратпоого чакырды.

Последние новости