www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конгресстеги угууда демократ-конгрессмен Тед Лью мамлекеттик катчы Марко Рубиодон: «Дональд Трамп маанилүү жыйындарда уктап калган учурларды көрдүңүз беле?» деп сурады. Бул тууралуу ТRT жазды.
Рубио мындай дооматтарды четке кагып, Трампты эч качан жумуш учурунда уктап жатканын көрбөгөнүн айтты. Буга жооп катары Лью социалдык тармактарда тараган видеолорду көрсөтүп, анда президент Дональд Трамп уктап жаткандай көрүнөрүн белгиледи.
Тараптардын ортосунда кызуу талаш жаралды. Бирок видеолордогу Трамп чындап эле уктап калганбы же жокпу — бул дагы эле талаштуу маселе бойдон калууда.