www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө болгон 5-июндагы сел кырсыгы 18 жаштагы жигит менен 15 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алып кетти. Кырсык катталган алгачкы күндөн тартып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, милиция, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күнү-түнү издөө-куткаруу иштерин жүргүзүштү. Жергиликтүү бийлик баштан-аяк кырдаалды жеке көзөмөлүнө алышты. Үч күн бою жүздөгөн адамдардын күчү менен издөө иштери жүргүзүлүп, акыры дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылды.
Ал эми ушул трагедиянын фонунда айрым саясатчылардын аракеттери коомчулуктун оозун ачырды. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова кырсык болгон жерге барып, маалымат каражаттарына маек берип, социалдык тармактарга кеңири билдирүү жарыялады. Албетте, эл өкүлүнүн эл арасында болушу табигый көрүнүш. Бирок кайгы үстүндө коомчулук көп учурда сөздөн эмес, иштен жыйынтык күтөт.
Кырсык болгон жерде үч күндөн бери суукта, жаанда иштеген куткаруучулардын эмгеги өзгөчө баалоого татыктуу. Коомчулук арасында "депутат кыска убакытка келип кетпестен, издөө иштерине көмөк көрсөтүп, куткаруучуларга шарт түзүүгө салым кошсо болмок" деген пикирлер да айтылууда.
Дегенибиз, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова саат ошол жерде болуп, “кыйын күндө эл менен болууга милдеттүүмүн, сел жүргөн жерге келип абал менен жакындан таанышып жатам” деп оңду-солду маек берип, Фейсбук баракчасына этектей пост жазды дагы кетти. Андай эле жардам бергиси келсе, 3 күндөн бери тынымсыз жааган жаанга, суукка карабай иштешкен кызматкерлерге эң кур дегенде ысык тамагын уюштуруп берип коюп, оозун чойсо болмок. Кайгыдан, кырсыктан пиар жасаган эл өкүлүнүн жоругу акылга сыйгыс эле болду негизи.
Айткандай сел жүргөн Садыр аке айыл аймагынын башчысы Нурдин Молдокматов Гүлкан Молдобекова калкалап, коргоп жүргөн кадры экенин жергиликтүү эл ачык эле айтып келишкен, иштей албай жатат деп. Облус жетекчиси эл менен жолугушуу өткөргөндө ушул маселе ачык айтылган.
Андыктан, сел жүргөн аймактагы алдын алуу иштеринин сапаты боюнча суроолор көп. Табигый кырсыкты толугу менен алдын алуу мүмкүн эмес. Бирок сел каналдарын, арыктарды тазалоо жана коркунучтуу аймактарды көзөмөлдөө сыяктуу иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турушу зарыл. Бул багытта тиешелүү кызматтардын ишине да объективдүү баа берүү убакыт талабы.
Кайгылуу окуялар саясат үчүн эмес, сабак үчүн кызмат кылышы керек. Эл бүгүн пиарды эмес, жоопкерчиликти, куру сөздү эмес, реалдуу аракетти баалайт. Демек, депутаттын эл көзүнө көрүнгөн болуп жасаган пиарына караганда, кырсык болгон жерде күнү-түнү иштеген куткаруучулардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эмгеги дал ушул учурда эң чоң баага татыктуу десек жарашат.