www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Конгрессинин Украинаны колдоого бөлгөн кошумча каражаты көпкө жетпейт жана Америка бийлиги мыйзамчылардан жаңы каржылоону суроого баш койгон турат. Бул туурасында Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Марджори Тейлор Гриндин айтканын РИА Новости жазды.

"Алардын Украинага дагы акча бөлүү ниети бар жана бул туурасында кеп кыла башташты. 61 миллиард доллар Киевге көпкө жетпейт", — деп жазган республикачыл парламентарий Х социалдык тармагына.

Гриндин айтымында, Вашингтон "Украинада Россия менен прокси согушка берилип кеткен". Ал палатанын азыркы спикери Майк Жонсон бул кызматында калса, демократтардын Киевге кезектеги каржылык жардамды берүүгө умтулганын колдойт деген пикирде экенин айткан.

Киевге көмөктөшүү боюнча мурдагы колдоого алынган программага ылайык, Украинага каралган 61 миллиард доллардын 23,2 миллиарды Пентагондун кампаларынан жасалчу куралдандырууга жумшалат. 13,8 миллиарды Украинанын ачык рыноктогу аскердик сатып алууларына, ал эми 11,3 миллиард доллар " АКШнын аймактагы кезектеги согуштук операцияларын камсыздоого" кетет.

Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы кесепеттүү болорун да бир нече ирет белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости