www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Сокулук районунда окуучу кызды сүзүп, качып кеткен BMW үлгүсүндөгү автокөлүктүн айдоочусу кармалганын Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ведомстводон автоунаа айып короого коюлганын маалымдашты.

"Кырсык кечээ саат 12:18де Селекция айылында болгон. Бардык чогулган материалдар Сокулук РИИБине өткөрүлдү. Кыз ооруканага кайрылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чүй облусунда BMW автоунаасынын айдоочусу жолдун четинде бара жаткан окуучу кызды сүзүп, качып кеткен социалдык тармактарга тараган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости