www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина облустагы операцияны колдоо үчүн фронттун башка жактарындагы аскерлерди алып келүүгө мажбур.

 Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курскидеги аракети Киев бийлигинин алдыны көрө билбегени тууралуу кабар берип турат. Бул тууралуу АКШнын отставкадагы офицери Дэниел Дэвис билдирди.

Ал Deep Dive YouTube каналына маек куруп жатып Киевдин аракеттери өлкө башында тургандардын компетентсиздигинин натыйжасы экенин белгилеген.

"Жеңишке жетем деген тарап пайдасы азыраак нерсеге күч коротпошу керек. Бул тактикалык жактан да, стратегиялык жактан таптакыр туура эмес", — деди Дэвис.

 

Офицердин айтымында, Украина Курск облусундагы операцияны колдоо үчүн эле фронттун башка жактарындагы аскерлерди алып келүүгө мажбур болууда. Дэвис мындай жагдай Украина Куралдуу күчтөрүнүн ушуга окшогон операцияларды өткөрүүгө чамасы чактыгын көрсөтүп турарын айтты.

"Киев үчүн бул жакшылык менен бүтпөйт", — деди отставкадагы офицер.

Эскерте кетсек, 6-август күнү Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусундагы Суджан районунун бир аймагын басып алууга аракет кылган.

Курск, Белгород жана Брянск облустарында контртеррордук операция режими киргизилди. Курскиде федералдык мүнөздөгү өзгөчө абал режими иштеп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости