www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ бийлиги, хусилердин Кызыл деңизде эл аралык кемелерге кол салууларына каршы көп улуттуу миссия түзүлгөнүн жарыялады.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, хусилердин Кызыл деңизде күчөгөн кол салууларынын эркин соода агымына коркунуч туудурганын, бейкүнөө деңизчилерди коркунучка салганын жана эл аралык мыйзамдарды бузганын айтты.
Бул маселенин чечилиши үчүн эл аралык талаптын бар экенине көңүл бурган Остин: «Ошондуктан бүгүн мен Prosperity Guardian операциясынын түзүлгөнүн жарыялап жатам. Бул Биргелешкен деңиз күчтөрү жана 153 жумушчу тобунун кол чатыры астында Кызыл деңиздеги коопсуздукка багытталган маанилүү көп улуттуу коопсуздук демилгеси болуп саналат»,-деди.
Миссияга АКШдан тышкары, Улуу Британия, Бахрейн, Канада, Италия, Франция, Нидерландия, Норвегия, Сейшел аралдары жана Испания кирет.
Булак: NazarNews.kg