www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу" долбоорунда – учурда иштеп жаткан оорукананы кеңейтүү, заманбап медициналык жабдыктар менен жабдуу жана бир эле мезгилде медициналык кызматкерлерди аны пайдаланууга үйрөтүү,  ооруканалык маалымат системасын түзүү жана  кызматкерлерди аталган багыт боюнча окутуу, пациенттерге көрсөтүлүп жаткан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, оорукана ичиндеги инфекцияларга өз учурунда алдын алуу чараларын көрүү каралган.

Келишимдин шарттарына ылайык корей тарабынан корей вону менен 27 млн АКШ доллары эквивалентинен ашпаган өлчөмдө насыя берилет, жоюу мөөнөтү - 40 жыл, жеңилдетилген мезгил – 10 жыл, пайыздык ставка – 0,1 % жана тейлөө үчүн комиссия – ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1 %.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ош шаарында медициналык мекемелерди куруу маселесин кароону сунуштады. Депутат Кубанычбек Самаков 2019-жылы Бюджеттик кодекске дал келбегендиктен жана консультациялык кызматтардын кымбаттыгынан улам насыя келишими колдоого алынбаганын белгиледи. Буга байланыштуу депутат чыгымдар канчалык өзгөргөнүнө, ошондой эле документтин жоболору Кодекске ылайык келтирилгенине кызыкты. Депутат Лейла Лурова консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдардын диспропорциясына көңүл бурду. "Эгерде насыя болгону 27 млн долларды түзсө, анда консультациялык кызматтар 7 млн АКШ долларын түзөт, ал эми жабдууларга болгону 5 млн доллар каралууда", - деди ал жана макулдашууларды ратификациялоодо консультациялык кызматтарга чыгымдардын өлчөмүн кылдат карап чыгууга чакырды. Депутат Нуржигит Кадырбеков саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу маселелерге, калктын тез жардам кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга токтолду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости