www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы Калык Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде машине майын алмаштыруучу жайда өрт чыкканы тууралуу кабар саат 14:55 чамасында түшкөн. Мекеме тилсиз жоо өчүрүлүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирди.

Азырынча өрттүн себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Жарым сааттай мурун соцтармактарга Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу бийик үйгө жанаша турган имарат катуу күйүп, капкара коюу түтүн асманга чыгып жатканы тартылган тасмалар тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости