www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын дагы 49 миң дозасын берди

АКШ Кыргыз Республикасына кошумча 49 000 доза Pfizer вакцинасын тапшырды. Бул тууралуу Америка элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, вакциналарды жеткирүү COVID-19га каршы вакциналарга бирдей жеткиликтүүлүктү колдоо боюнча эл аралык демилге COVAX механизми аркылуу уюштурулууда.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын болушу бул пандемияны токтотуу үчүн абдан маанилүү. Бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана вирустун жаңы кооптуу варианттарынын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем”, - деди АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Култер.

Бул Пфайзердин АКШга экинчи жолу вакцина жөнөтүүсү. Биринчи партия 27-октябрда келди.

Пандемия башталгандан бери Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасына COVID-19нун алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо үчүн 9 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. «Бул каражат жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого жана медицина кызматкерлерин окутууга да жумшалды. Мамлекеттер Кыргыз Республикасы менен COVID-19 пандемиясын токтотуу, анын социалдык-экономикалык таасирин азайтуу жана келечектеги эпидемияга жооп кайтарууга даярдыгын жогорулатуу боюнча кызматташууну улантат», - деп кошумчалады элчилик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости