www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтматовдун каармандары бүгүнкү күндө

Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында баланын образдары экрандашууда ынанымдуу жана жеткиликтүү чагылдырылган. Анын бири «Биринчи мугалимде»-Субан, «Бакайдын жайытында» - Калык, «Жамилада» - Сейиттин образдарын катыра аткарган Насрет Дубашев менен баарлаштык.

- Кино тармагынын тарыхында сиздин атыныз алтын тамгалар менен жазылып калды. Алгачкы ролунузга топ балдардын ичинен кандайча тандалып калдыныз?

- Эн биринчи кезекте Кудайдын буйругунан деп ойлоймун. Борборубуздун четиндеги Сокулук районунун Күн-Туу айылынан боломун. Бала чагымда абдан шок элемин, тартынуу эмне экенин такыр билчү эмесмин. № 1-мектеп интернатында 3-класста окусам керек эле, «Биринчи мугалим» тасмасындагы кинорежиссёр Андрон Кончаловскийдин асистенти Клара Юсупжанова мени кинопробага ээрчитип барган. Кантсе да режиссёрлор кыраакы келет эмеспи, балким менден актёр чыгарын байкагандыр. Кинопробада катышкан балдардын саны 10-15 чактыдай. Кинорежиссёр Кончаловский баш болуп тапшырмаларды бере баштады. Бир маалда «Кана балдар, мурдунарды тарткылачы» деп калды. Балдардын баары уялышат. Ошондо мен кадимкидей эле чыканакка чейин мурдумду тартканымды көрсөтсөм, отургандар тан калып эле калышты. Эми ырдап бергиле дешсе, балдар ырдай албайбыз деп уялышат, мен мындай карасам эски шкаф туруптур ичи дагы бош экен, мен ырдайм бирок шкафка жашынып десем, шкафка жашынтып коюшса болобу, ошентип жашынып алган кербезде жердешим куудул Шаршен Термечиковдун «Ой тообо деген ырым бар, койбой жүрөм ой тообо, тогуз казан бозого тойбой жүрөм ой тобоо» деген ырын обону менен   ой да созуп бергенимдин күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ошентип «Биринчи мугалимдеги»-Субандын ролун аткарып калганымдын себеби мына ушунда.

Андан сырткары «Отко таазим» (Уркуя) тасмасында баланы жардан түртүп ийишет го ошол баланы мен аткарганмын. «Мен-Тянь-Шань», «Эл арасында», «Арман» тасмаларында эпизоддук ролдордо бармын.

- Насрет мырза, «бысмылда» дегенде эле «кыргыз керемети» аталган шедевр тасмаларда роль жаратыпсыз. Искусствонун бөлүгү болгон кино жаатында эбегейсиз из калтырып келе жатканынызга элиниз күбө…

- Кыргыздын уникалдуу кинорежиссёру Төлөмүш Океевди кыргыздын бактысына жаралып калган улуу инсан катары таанып, анын керемет тасмаларында роль жаратып калганыма төбөм көккө жеткендей сыймыктанып келемин. Кыргыздын каада-салты, нарк-насили, үрп-адаты деги койчу кыргыздын кыргыз экенин түшүндүрө алган бир сөз менен айтканда тере филдософияны камтыган кыргыздын баалуулуктары Океевдин «Бакайдын жайыты» тасмасы аркылуу тарыхыбызда калып жатпайбы. Башкы роль Калыктын образын аткарганым бир сыймык болсо, кыргыздын корифейлери: Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадыловдор менен чогуу тартылганым бактым тоодой… Сүймөнкул Чокморовдун мыкты актёр, таланттуу сүрөтчү экенин эл билет. Мен тек гана адамгерчилиги өтө бийик жана атагы таш жарса дагы жөнөкөйлүгү кан тамыры менен кошо жүрүп тургандыгын баса белгилеп айткым келди. Ага-инидей сырдаш, жакын ага-дос болуп калганына, кеп-кенештерин айтканына ага сый-урматым күч.

- Азыркы жаштарыбызга жогоруда атап өткөн корифейлер жомок сымал болуп кала берет эмеспи. Көпчүлүктүн эсинде калган эпизод абышка кемпирин сабаган жери экен…

- Ооба, абышка кемпирин сабап жатса, Калык чон энесине болуша, чон атасын укурук менен сабап качып кетип баратса, абышка жерге кулап калып, ага кайра кемпири болушуп, бул дагы тээ илгертен келген кыргыздын каада-салты. Муну батыштагылар көрсө абдан тан калышары чындык.  Бирок ошол укурук менен чон атасын чапкан жерин аткаруу мен үчүн аябагандай оор болгон. 3-4 дубль менен чапсам деле, режиссёр такыр окшошподу деп жаратпай коюп жатты. Алиман эне боз үйдүн четинде көлөкөдө отурган экен, менин колумдан укурукту алып: «…баягы мени сабаган өчүмдү албасамбы» деп чапты эле бир дубль менен тартып алышкан. Тартуучу топ канча чакырым алыстагы мейманканага барып эс алышат, биз ошол боз үйдө эле жашап жаттык, кино менен чыныгы жашоо аралаш кадимки эле жашоо болуп жатты. Муратбек Рыскулов атамдай, Алиман Жангорозова энемдей болуп калса, чон атамды укурук менен чапканга анан кантип колум барсын?! Ошентип тасманын айтылбаган өз мыйзамынын бир сырын окурмандарга айтып койдум.

- Балалык сүйүү-чыныгы сүйүү деп коюшат, «Жамила» тасмасында Сейиттин образын аткарып жатып ошол сүйүүгө кабылбадыныз беле?

- Балким, негедир тасмада аткарып жатып, керели-кечке Наталя экөөбүз жанаша басып жүрсөк жакшы көрүү сезимдер болбой койгон жок... Наталянын чыныгы жашоодогу мүнөзүндө дагы ошол Жамиланын ачык-айрым, шайырдыгы бар. Жүрөгүм элеп-желеп болуп сокконун Наталя деле байкагандыр. Баарынан кызыгы бир жылы «Ак илбирс» киносыйлыгында Наталя катышып, 50 жылдан сон ошондогу Сейиттин үнү менен Жамила деп кыйкырганым болду. Тасмадагы кырманды Чон-Таштан тартышкан. Жамила экөөбүз арпаны аралап чуркаган жерибиз бар эмеспи, кантсе да Наталя балерина болгондуктанбы эки аттап эле мага жеткирбей узап баратты, бир маалда баягы Сейит жок. Көрсө жалгыз аяк жол бар экен, атчандар өткөндүктөнбү чункурларда чалынып баратып кулап калдым…

- Сизди элибиз бала образ жана өткөөл курактагы образдар боюнча таанып калышты, актёр болбой калганынызга көпчүлүгү кызыкдар болсо керек…

- Сүймөнкул Чокморов актёрдук кесип-бул өтө машакаттуу кесип экенине андыктан башка кесиптитандашыма кенештерин берген эле. Теле-радио тармагында иштеп калдым, андан сон Акаевдин доорунда Күн-Туу айылында биринчилерден болуп 10 гектар жерге кант кызылчасын айдаттырып, 10 үй-бүлөнү иш менен камсыз кылган күндөрүм болду. Келинчегим Гүлсана искусстводон такыр эле алыс болгону менен Океевдин «Кызыл алма» тасмасында «крупный план» менен эпизодго тартылып калган. Байбичем экөөбүздүн 2 уул, 3 кыз, 8 неберебиз бар. Кыргыз тарыхыбызга из калтырып кеткен залкарлар менен туз насиптеш болуп калганыма Кудайга шүгүрчүлүк келтиремин.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости