www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чыңгыз ордо" тарыхый-маданий комплекси" объектинин иштерин текшере келгенде жасалчу жумуштар дээрлик 6 миллион 190 миң сомго ашыкча бааланганы аныкталып, эки киши камакка алынды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Задержанные, подозреваемые в злоупотреблении должностными положениями, работники Таласского областного УКС при ДЖГС КР и в завышении объемов работ при строительстве историко-культурного комплекса Чынгыз-Ордо в селе Шекер, Таласской области. 13 декабря 2021 года

Задержанные, подозреваемые в злоупотреблении должностными положениями, работники Таласского областного УКС при ДЖГС КР и в завышении объемов работ при строительстве историко-культурного комплекса Чынгыз-Ордо в селе Шекер, Таласской области. 13 декабря 2021 года

Буга мамлекеттик ишкананын кызматкерлеринин, тагыраагы, Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкеринин катыштыгы бар деп айтылууда.

"Турак жай-жарандык курулуш департаментинин алдындагы Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кара-Буура районунун Шекер айылындагы "Чыңгыз ордо" тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштин көлөмүн 6 миллион 179 миң 952 сомго ашыкча баалоо фактылары аныкталды", — деп кабарлады УКМК.

2018-жылы Талас облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан "Чыңгыз ордо" тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендердин жыйынтыгында "Бийиктик Инвест" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Алар менен түзүлгөн 62 миллион 73 миң сомдук келишимде анын качан бүткөрүлө турганы көрсөтүлбөгөндүгү таратылган маалыматта айтылган.

Объектинин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин подрядчы тарабынан болгону 34 миллион сом жумшалган.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адиси "Чыңгыз ордодогу" подрядчы сапатсыз жасаган ишти буюртмачы кабыл алган фактыны аныктап, ал документтештирилген. УКМК бул кайра ашыкча иш аткарууну жана кошумча чыгымды (каражатты) талап кыларын айтты.

"Алынган далилдердин негизинде 2021-жылдын 10-декабрында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси Н.У.А.  жана "Бийиктик Инвест" ЖЧК подряддык уюмунун директору С.К.А. кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө киргизилди", — деп билдиришти.

Учурда УКМКнын жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости