www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелген жигит кармалганын ИИМден билдиришти.

Ички иштер органдарына 1954-жылы туулган О.Ж. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Жаш Гвардия бульварында жайгашкан банкоматта белгисиз жаран акча алууга жардам көрсөтөм деп, банктык картасын алдын ала даярдалган башка картага алмаштырып кеткен.

Андан соң шектүү башка банкомат аркылуу акчасын чыгарып, жабырлануучуга 13 миң сом чыгым келтирген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 2004-жылы туулган А.И. аттуу жаран кармалган. Учурда анын Бишкек шаарында ушул сыяктуу дагы бир катар алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Дагы эки факты боюнча жабырлануучуларга келтирилген чыгым 30 миң жана 20 миң сомду түзгөн.

Шектүү негизинен улгайган жарандарды тандап, банкоматты колдонууда жардам сунуштаган. Андан соң банктык карталарын байкатпай алмаштырып, кийин эсептериндеги акчаны чыгарып алып жүргөн.

Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга, банктык карталарын чоочун адамдарга бербөөгө, ошондой эле PIN-коддорду, сыр сөздөрдү жана башка купуя маалыматтарды бөлүшпөөгө чакырат.

Эгерде аталган жарандын аракеттеринен жабыркаган болсоңуз же анын кылмыштуу аракеттери тууралуу маалыматыңызболсо, төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылсаңыз болот: 0 (701) 001-708 же 0 (508) 088-988.

Последние новости