www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Искра айылындагы таштанды полигонунда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат тарагандан кийин Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй аймактык Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жеринде текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында катуу тиричилик калдыктары күйүп, аймакты түтүн каптаганы аныкталган.
Жооптуу адамдарга өрттү ыкчам түрдө локалдаштыруу жана толук өчүрүү, ошондой эле мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Ошондой эле «ЭкоЛогист» ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык эки протокол түзүлүп, жалпы 37 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, буга чейин Токмок шаарынын мэриясына тиешелүү билдирүү жөнөтүлгөнү маалымдалды.