www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоо тармагындагы маанилүү маселелердин бири – “Курамында кант кошулган суусундуктарга салык салуу – жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун натыйжалуу чарасы” тууралуу маселе көтөрдү.

Кыргыз Республикасында жугуштуу эмес оорулар, анын ичинде кант диабети, семирүү, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулар калктын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратууда.

Бүгүнкү күндө дал ушул оорулар эрте өлүмдүн жана майыптыктын 80% учурларынын негизги себептери болуп  саналат. 2024-жылы республика боюнча 31,7 миң өлүм катталган. Анын ичинен 16,6 миңи кан айлануу системасынын ооруларынан, 4 миңге жакыны жаңы пайда болгон шишиктерден (онкологиялык оорулардан), 2 миңге жакыны дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынан каза болгондорго туура келет. Ал эми 2,1 миң учур табигый эмес себептерден улам катталган. Бул көрсөткүчтөр жугуштуу эмес оорулар өлкөдөгү өлүмдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда экенин айкын көрсөтүп турат.

Жугуштуу эмес оорулардын өнүгүшүнө алып келген негизги тобокелдик факторлорунун бири – кантты ашыкча колдонуу. Өзгөчө курамында кант кошулган суусундуктар ден соолукка терс таасирин тийгизип, ошол эле учурда адам организмине олуттуу азыктык баалуулук бербейт. Акыркы жылдары өлкөбүздө курамында кант бар суусундуктарды өндүрүүнүн, импорттоонун жана керектөөнүн көлөмү туруктуу өсүүдө. Айрыкча кант кошулган жана энергетикалык суусундуктар өспүрүмдөр менен жаштар арасында кеңири жайылууда.

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай суусундуктарды үзгүлтүксүз колдонуу семирүүнүн, 2-типтеги кант диабетинин, жүрөк-кан тамыр ооруларынын, тиш кариесинин, боор ооруларынын жана башка көптөгөн ден соолук көйгөйлөрүнүн пайда болуу коркунучун жогорулатат. 

Экономикалык жүгү: Кыргыз Республикасында жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) жалпы экономикалык жүгү жылына 29,8 миллиард сомду (ИДПнын 4,8%) түзөт. Бул жоготуулардын көбү (62,5%) эрте өлүмгө жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жоголушуна байланыштуу.

Бир гана кант диабетинин татаалдашуусу менен ооруган бейтаптарга гемодиализ жүргүзүүгө мамлекет жылына 2 млрд сомдон ашык каражат сарптайт.

Последние новости