www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгын үй сатуу тууралуу жарыя тактасынын жаңы бирдиктүү эскиздик долбоорун иштеп чыкты.
Башкармалыктан билдиришкендей, жаңы демилгенин негизги максаты — Бишкектеги бирдиктүү визуалдык стилди камсыз кылуу.
Долбоор колдонуудагы дизайн-коддун белгиленген талаптарына ылайык даярдалып, Бишкек шаарынын аймагына бирдиктүү үлгү катары киргизүү сунушталууда.
Белгилей кетсек, бул үлгү жеке турак жай курулуш объектилерине гана колдонулат.
Долбоорго ылайык маалыматтык тактанын өлчөмдөрү төмөндөгүдөй:
* Узундугу — 700 мм;
* Бийиктиги — 400 мм;
* Калыңдыгы — колдонулуучу материалга жараша орточо 3–5 мм.
Мындай өлчөмдөр маалыматтын алыстан да так окулушун жана жакшы кабыл алынышын камсыздайт.
Маалыматтык тактаны даярдоодо төмөнкү материалды колдонуу сунушталат:
* Акрил — жеңил, бекем жана аба ырайынын таасирлерине туруктуу материал.
Бул материал күндүн нуруна, жаан-чачынга жана шамалга туруктуу болуп, узак мөөнөт пайдаланууга ылайыктуу.
Маалыматтык тактанын түс гаммасы заманбап шаардык талаптарга ылайык аныкталган:
* Негизги фон — кочкул көк түс (Артикул-13741 / RGB 40, 52, 103);
* Жазуулар — ак түс (RAL 9003 / RGB 238, 238, 236).
Түстөрдү тандоодо басма үлгүсүнө эмес, RGB жана RAL көрсөткүчтөрүнө таянуу сунушталат.
Колдонулуучу шрифт:
* Bahnschrift.
Негизги жазуу:
“ҮЙ САТЫЛАТ” — тактанын борбордук бөлүгүнө баш тамгалар менен жайгаштырылат.
Кошумча маалымат:
* Байланыш телефону жана объект тууралуу кыскача маалымат тактанын төмөнкү бөлүгүндө көрсөтүлөт.
Зарыл болгон учурда орус тилиндеги:
“ПРОДАЕТСЯ ДОМ” деген жазуу кошумча жайгаштырылышы мүмкүн.
Маалыматтык тактаны орнотууда төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
* Үйдүн фасадына же тосмосуна орнотулат;
* Жакшы көрүнгөн жерге жайгаштырылат;
* Жерден болжол менен 1,5–2,5 метр бийиктикте илинет;
Бул талаптар маалыматтык тактанын максималдуу деңгээлде көрүнүүсүн камсыздайт.