www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш 17-июнда Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда соттолгон жарандарды өз өлкөсүнө өткөрүп берүү (экстрадиция) боюнча келишимди ратификациялады.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 18 пакистандык жаран соттолгон, алардын бири 2012-жылы Кыргызстандын жаранын өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Ошол эле учурда Кыргызстанда мыйзам бузуу менен кармалган жана депортацияланган пакистандыктардын саны да айтылды. Ага ылайык 2025-жылы 431 адамга протокол түзүлүп, 672си өлкөдөн чыгарылган.

Ал эми Пакистанда Кыргызстандын 191 жараны консулдук каттоодо турат. Алардын 71 убакытлуу каттоодо турса, 46сы диний медреселерде окуп жатканы белгиленди. Ал эми камакта отургандар жок.
Келишимге ылайык, экстрадиция оор кылмыштарга, анын ичинде адам өлтүрүү, терроризм жана улуттук коопсуздукка каршы иштерге тиешелүү эмес.

Последние новости