www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ВИЧ менен катталган жарандардын саны 15 миңге жакындады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 14 миңи - Кыргызстандын жарандары.

Илдетти жугузуп алуунун негизги жолу дагы эле жыныстык катнаш аркылуу (64,4 пайыз) жана кан аркылуу жол (28 пайыз) бойдон калууда.

ЖК төрагасынын орун басары Медер Алиев ВИЧ менен ооругандардын реалдуу саны расмий маалыматтан бир нече эсе көп деп айтууга болобу деп сурады. Министрдин орун басары мындай деп айтуу кыйын экенин, анткени ооруну аныктоо көрсөткүчү 85 пайызга чейин жогорулаганын белгиледи.

«Россияда бул оорунун күчөгөн учурлары бар деген маалыматтар бар. Ал жакта көптөгөн мигранттарыбыз иштейт, алардын арасында да ооругандар бар. Биз аларга дары-дармек менен жардам берип жатабыз», — деп кошту Гүлбара Ишенапысова.

Последние новости