www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаранга күч колдонуп, опузалап, аны видеого тартып, кечирим суроого мажбурлаган кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө сабалып жаткан жарандардын видеосу аныкталган. Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу интернет аркылуу мыйзамсыз баңгизаттарды таратуу менен алектенген интернет-дүкөнүндө кыска убакыт иштеп, алынган баңгизаттын бир бөлүгүн өзү колдонуп койгон. Андан кийин Бишкек шаарында жайгашкан токойлордун биринде белгисиз адамдар тарабынан сабалып, анын акча каражатын жана уюлдук телефонун алып коюшкандыгын билдирген.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары Бишкек шаарынан 2006-жылы туулган Г.Р., 2009-жылы туулган С.И., 2007-жылы туулган Д.Д. жана 2007-жылы туулган Р.А. аныкталып, кармалган.
Азыркы учурда бул кылмыштын башка жабырлануучуларын жана уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүүлүүдө.