www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга дүйнөгө таанымал кытайлык жазуучу, адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь келди. Ал «Ысык-Көл — 40» эл аралык форумуна катышат.
«Манас» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев тосуп алышты.
«Ысык-Көл эл аралык форуму — 40» дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү коомдук ишмерлерди, окумуштууларды, жазуучуларды жана маданият өкүлдөрүн бириктирген маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.
Форумдун алкагында маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жана дүйнөлүк маданий мурастарды сактоо маселелери талкууланат.
Мо Янь азыркы замандын эң белгилүү кытайлык жазуучуларынын бири болуп саналат. Ал 2012-жылы элдик уламыштарды, тарыхты жана азыркы заманды айкалыштырган чыгармалары үчүн адабият боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.