www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кытайдын ири компаниясына санкция киргизди

АКШ Кытайдын Semiconductor Manufacturing International Corporation (SMIC) ири компаниясынын технологияларын колдонууга каршы чектөө киргизди.

«Биз барган сайын агрессивдүү оппоненттин американын заманбап технологияларын колдонуу менен кооптуу согуш куралдарын курууга жол бербейбиз», - деп билдирди АКШнын Соода-сатык министри Уилбур Росс.

«Бул тизмеге кирүү АКШнын технологиялык провайдерлери бул компания менен иштөө үчүн атайын макулдуктарды алышы керек дегенди билдирет. Мындан тышкары, калыңдыгы 10 нанометр же андан төмөн жарым өткөргүчтөрдү өндүрүү үчүн товарларды жеткирүүгө уруксат берүүдөн баш тартылат», - деп айтылат документте.

Бул компаниянын Кытайдагы коргонуу өнөр жайы менен тыгыз байланышта болгону АКШны кыжырдантты.

Мындан тышкары, аталган тизмеге Америка тараптын айтымында, АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген дагы 60тан ашуун уюмдар киргизилген.

Белгилей кетсек, декабрдын башында ушундай чектөөлөр SMICке Пентагон аркылуу да киргизилген.

Эске салсак, SMIC 2000-жылы негизделген жана баш кеңсеси Шанхай шаарында жайгашып, АКШ, Жапония, Италия, Гонконг жана Тайван өлкөлөрүндө филиалдары бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости