www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот террорчуну өмүр бою эркинен ажыратты

Париждин кылмыш соту марокколук Аюб аль-Хаззанини 2015-жылдын 21-августунда «Thalys» ылдам жүрүүчү поезддин жүргүнчүлөрүнө кол салганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу «Euronews» жазды.

Автомат жана тапанча менен куралданган кишини жүргүнчүлөр токтотушкан. Тирешүү учурунда кол салган адам анын жолунда тургандардын бирин жарадар кылганга үлгүргөн.

Күбөлөрдүн айтымында, Хаззани ок чыгарууга аракет кылганда ок атылбай, тыгылып калган. Анын жанында америкалык эмгек өргүүсүндө жүргөн аскерлер Спенсер Стоун жана Алек Скарлатос бар болчу. Алар кол салган адамдын куралын алууга жетишкен.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал-Хаззани алгач тоноо аракети болгон деп ишендирүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда ал радикал исламчылар менен байланышы бар деп шектелип, тергөөнүн айтымы боюнча, ал интернеттеги тиешелүү материалдарды үзгүлтүксүз изилдеп келген. Андан кийин айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган.

Ал Европага Сириядан барганын жана жакынкы Чыгышты бомбалаганы үчүн америкалыктардан өч алгысы келгенин айтты. Аль-Хаззани өзүн «жихадчы» деп мүнөздөп, бирок аялдар менен балдарды өлтүрүүгө ниети жок экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости