www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Кытайга жаңы санкцияларды жарыялады

Америка Кошмо Штаттары Кытайдын Шинжаң аймагында этникалык уйгурлардын укугун бузулуп жатканы үчүн Бээжинге жаңы санкцияларды киргизди. АКШнын Соода министрлиги 16-декабрда жарыялагандай, жаңы санкциялар Кытайдын биотехнология жана чалгын тармактарында иш алып барган фирмаларын бутага алат.

Ага ылайык, Кытайдын Медицина изилдөөлөрү боюнча аскердик академиясы, анын фирмалары жана 11 изилдөө институту кара тизмеге киргизилди. Санкцияларга ылайык, бул фирмалардын продукцияларын сатып алууга тыюу салынат.

14-декабрда АКШ Конгрессиндеги Өкүлдөр палатасы Кытайдын Шинжаң районунда өндүрүлгөн товарларды импорттоого тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Буга Шинжаңда жергиликтүү тургундарды мажбурлап иштетүү көрүнүштөрү тууралуу тынчсыздануулар себеп болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости