www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын түндүгүндө жайгашкан Түштүк Медведков районундагы жеке стоматологиялык клиникада өзбекстандык тиш доктурга бычак менен кол салуу болду.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 40 жаштагы Жамол Адиловго кол салуу 13-декабрда болуп, анын курсагына бычак сайылган.

Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаардык башкармалыгы бул окуя боюнча "Өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Окуя болгон клиниканын башчысы "Озодлик" радиосуна берген маегинде кол салган адам алты ай мурда алардын клиникасында тишин дарылатып кеткенин билдирди.

– Ал киши биздин клиникага болжол менен түшкү саат экилерде келген, доктурларга алдын ала жазылган эмес. Жамол Адилов иш бөлмөсүнөн чыкканда ал биздин кызматкерлерге ага ким керек экенин түшүндүрүп бере албай жаткан. Ал Жамолду көрөрү менен "Мага ушул киши керек" деп туруп, баштыктан бычак алып чыгып кол салды. Бычак биздин кызматкердин курсагына 7-8 сантиметр кирип кеткендиктен ал дароо ооруканага жеткирилди. Кол салган кишинин тишин алты ай мурда Елена деген кызматкерибиз дарылаган. Иш учуранда ал Жамолдон анын тишин кантип дарылоо керектиги боюнча кеңеш сураган. Жамол бейтаптын тиши чирип калганын айтып, аны жулуп салып, ордуна имплант салууну сунуштаган, – деди клиника башчысы.

Анын айтымында, сурак маалында айыпталуучу тиш доктурду "азербайжандыкка окшоштургандыктан улам" ага кол салганын айткан.

–​ Суракта тергөөчү айыпталуучудан тиш доктурга эмнеге кол салганын сурады. Ал "Мен аны азербайжандык экен деп ойлогом" деп жооп берди. Ал киши Жамол азербайжандыкка окшош болгон үчүн эле кол салыптыр", - деди Бабур.

Аталган клиниканын дарыгерлери бул окуя боюнча орусиялык ЖМКлар "клиника сапатсыз медициналык кызматтарды көрсөтүп, бейтаптарды алдып келген" деген туура эмес маалымат таратканына даттанууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости