www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова менен вице-премьер-министр Дмитрий Григоренкого жана курулуш, турак жай-коммуналдык чарба министри Ирек Файзуллинге каршы жеке санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Америка бийлигинин расмий билдирүүсү Ак үйдүн сайтында жарыяланды.
"АКШ жана биздин өнөктөштөрүбүз Украинаны колдоп, орус өкмөтү биздин экономикалык аракеттерибиздин начарлап бараткан таасирин сезүүсүн камсыздоого умтулушат", - деп айтылат Ак үйдүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШда Орусияга каршы жаңы санкциялардан улам экиге бөлүнгөнү белгилүү болгон. Президент Джо Байдендин администрациясынын бир бөлүгү "орусиялыктарга каршы дагы катаал чараларды" киргизүүнү жактайт.
Аткаминерлердин дагы бир флангасы санкциялардын "жеткирүү тизмеги көйгөйлөрү, инфляция, мунайдын туруксуз баасы жана азык-түлүк каатчылыгынын ыктымалдыгы буга чейин эле жапа чеккен" дүйнөлүк экономикага тийгизген таасиринен кооптонууда.
Булак: NazarNews.kg