www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиевдин ордуна ким министр болот?

Мен саламаттыкты сактоо министри болууга ашыккан эмесмин, деп билдирди министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев АКИpress агенттигине берген комментарийинде.

Ал социалдык тармакта аны министр кылып дайындоо пландалып жатканы тууралуу маалымат тарап жатканын билдирди.

«Бул провокациябы же жокпу, билбейм. Бирок, мен өзүмдүн функционалдык милдеттеримди аткарып, эч ким менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатканымды белгилегим келет.

Кадрларды дайындоону президент жүргүзөт, мен тараптан мындай демилге болгон эмес. Мен бул кызматка ашыккан эмесмин. Эмне көрсөтмө берилсе, ошону аткарып жатам», - деди ал.

Рахматуллаев министрликтеги кырдаал саламаттыкты сактоо тармагына эч кандай таасирин тийгизбей турганын кошумчалады.

«Биздин система 24 саат бою иштеп жатат жана жарандарыбызга медициналык жардам көрсөтүүдөбүз. Бул иш уланууда, биз иштейбиз жана өз милдеттерибизди аткарып жатабыз», - деди ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгоду.

Эске салсак, Бейшеналиев кечээ, 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости