www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азамат Жаманкулов китепканадагы намазкана боюнча үн катты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадагы намазкана тууралуу түшүндүрмө берди. Ал намазкана имараттын жер төлөсүндөгү чакан аянтчада экенин билдирди.

“Китепкананын дааратканаларын курулуш компания жасап берип жаткан экен. Ошол кызматкерлер намаз окуганга кичинекей бурч болсо деп сураган экен. Атайын бөлмө эмес, китептер ал жакта сакталбайт”, - деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда китепканада намазкана пайда болгону жөнүндө кабар тараган.

Мамлекеттик имараттардан Жогорку Кеңеште намазкана бар.

Өлкөнүн башкы китепканасы 1933-жылы түптөлгөн. 1993-жылы “улуттук” деген макам алып, 2015-жылы акын Алыкул Осмоновдун ысымы ыйгарылган. Китепканада эң маанилүү, уникалдуу китептер жана өтө баалуу басылмалар сакталган. Болжол менен жылына 2 миллионго жакын окурман келет. Жүзгө жакын тилдеги 6 миллиондой басылма бар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости