www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу эмне дейт?

Бүгүн, 3-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинде жыйын өткөрдү.

Ал АКИpress агенттигине билдиргендей, мекеменин кызматкерлери менен калкты медициналык жактан камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу маселеси талкууланды. «Азырынча маламаттыкты сактоо министри [Алымкадыр Бейшеналиев] боюнча соттун чечими жок, ошондуктан анын милдетин аткаруучуну дайындоого негиз жок. Министр командировкада жүргөндө аны кандайдыр бир жол менен алмаштырып турушкан», - деген Байсалов кадр маселеси жакында чечилерин кошумчалады.

Эске салсак, кечээ, 2-июнда Башкы прокуратуранын кызматкерлери министрди коронавируска каршы вакциналарга байланыштуу коррупцияга шектеп кармашкан. Келтирилген чыгым 1,5 миллиард сомго бааланган. Ага карата 7 кылмыш иши тергелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости