www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Президенттин жаңы хансарайынын аты тууралуу маселе Табылды Акеровдун «Жаңы Ак үй Хан Байтик резиденциясы деп аталсын!» -деген макаласынан соң кызуу талкууга алынды. Акеров бул жерде илимий жактан эмне себептен Байтиктин атын бериш керек экенин түшүндүрсө, Кайып Шер санжырага таянган. Белгилүү коомдук ишмер, «Апрель баатыры» Кайып Шер бул хансарайдын Табылды мырза айткан версиясын кызуу кубаттап, мындай кошумчаларды айтты: «Байтиктин энеси Канайдын токолу болгон, улуу байбичелери күндөштүк кылып «токол» чининдеги Байтиктин энесин кош бойлуу экенине карабай орок орууга салган. Байтиктин энеси орок оруп жүрүп, дал ошол жерден Байтикти төрөгөн. Канай токолуна көп деле көңүл бурган эмес, Байтик бала кезинен чыйрак чыккан, алты жашынан кырк жигит курап, тай-торпокторду минип алып ойной турган. Он алты жашынан күлүк таптай баштайт. Ал күлүгүн ат чабышка салып «Жангарач» деп ураан чакырып, биринчи келет. Өзү Жангарачтыкына келип «Атыңыз биринчи келди» деп анын көңүлүн тапкан экен. Ал кезде Канайдын аталаш иниси Жангарач солтону өзү билип турган. Кийинчерек Жангарач бийликтин барын Байтикке өткөзүп берет. Байтик да Кокон ханына каршы чыгып, Бишкек чебинин беги Рахматулланы койдой мууздап, орустарга кошулган.

Ушул жерден айта кетчү нерсе аркалык кыргыздар кокон ханына түз баш ийишкен эмес. Айрыкча, саяк Тайлактын учурунда кокондун сарбаздарын көгөндөп, Коконун көздөй айдап жиберген. Тайлак баатырга алы жетпесин билген Кокон хандары муну айла менен өлтүрүүнү көздөйт. Кокондон көзү көк кытайлык ашпозчу Шао-Маону Кыргызстанга жиберишип, Тайлактын чачын алымыш болуп, уу сыйпап өлтүрүүнү көздөшөт. Анын айткандары орундалып Тайлак баатыр өлтүрүлгөн. Уу сыйпап өлтүргөн кытайлык кул Шао-Мао эркиндик алат. Кийин анын тукумдары Кыргызстанга келип, ал эмес мамлекетти жетектеп калат. Тайлак баатырды өлтүргөнү үчүн жети тукумуна чейин каргышка калгандыктан президенттик мөөнөтү бүткөн соң камалган. Ага улам кылмыш иши козголуп, мына эми 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кайрадан кылмыш иши козголду».

Байтик Солтону бийлеп калат, сарбагыш Надырбектин тукуму Апар апабызды алганы Кочкорго келип калат. Байтик сартка окшош анан токолдун баласы болгондуктан, Жангарач агалары, тең ата манаптар «сарткул» деп коюшчу экен. Байтик Ормон уулу Үмөталыны теңсинбей чакыртпай койот, Үмөталы  Байтиктин күйөөлөп келгенин угуп, ал отурган өргөөгө барат.

-Ии «сарткул» келген экенсиң кыз аңдып, сени көргөндөр байкабай сарт кул экен деп, өлтүрүп салбасын. –дейт Үмөталы жөн сүйлөбөй.

-Мен го «сарткул» болгонум үчүн Рахманкул сарттын башын Бишкек чебинен алдым. А сен ушул кезге чейин өз атаңдын кунун ала албай эмне жүрөсүң? – деп Ормон хандын кунун алалбай калган Үмөталыны Байтик каптап чыгат. Үмөталы эшикке шарт бурулуп чыгып кетип, сарбагыштар менен күйөөлөп келген Байтикти чаап салгысы келет. Ал кезде Шамен Мекеге зыярат кылып, мусулмандык парызын жасап, каабанын кара ташын өөп келген убагы экен. Жамы журт аны «ажы» дешпей эле көнүп алган адети боюнча «баатыр» атагы менен атап калышкан. Далайга көндүм болуп башы бышкан Шамен баатыр кокус Байтикти мандем кылса, солто эли тынч жатпасын түшүнөт. Шамен баштаган сарбагыштын аксакалдары бир тууган бугу менен да чабышсак, эми солто менен чабышабызбы деп, Үмөталы баштаган сарбагыштарды тыйып, Байтик менен Апарды  каада менен узатып жибериптир. Апар кийин эл оозуна алынган кыйын чыккан.

Бир ирет сөз арасында: «Кимдин баласы мыкты чыкты?» деген сөз болот. Чолпонкул манап айыпка жыгылып соттолгондо он беш жаштагы баласы анын артынан тымызын ээрчип жүрүп, аны алып бараткан желдеттерди ичирип мас кылып, Чолпонкулду качырып жиберген экен.

Шабдан сөз кезегин алып, Байтиктин уулу Байсалга эч ким жетпейт дейт. Шабдан Байтиктин артынан жамандап отуруп, Алматыдагы жандыралга айтып каматып салат. Байсал аны бошотууга жөнөп, жолдон Шабданга келет, өзү каматса, өзү кантип бошотууга барат эле, ар кайсы шылтоону айтып, Шабдан барган эмес. Байсал Алматыга барып, Байтикти бошотуп келатып, жандыралдан Шабдан кырк жылкы мингизсин деген кат жаздыра келет. Шабдан кырк жылкы мингизет. Кийинки жылы кырк жылкымы кайтарып бер деп суратып жиберсе, жылкыларың жолдон өлүп калган деп бербей койот.

Байтиктин ашында солтолор Шабдандын бир кишисин өлтүрүп салышат. «Мунун кунун качан бересиңер?» -дейт Шабдан, «Досуңуздун ашы өтсүн, андан кийин сүйлөшөрбүз» -дейт. Байсал ал сөөктү сарбагыштардын айылына таштатып салат. Аш бүтөт, Шабдан кун доолап келсе, Байсал танып, сарбагыштар бириңерди - бириңер өлтүрүп алып бизден көрө бересиңерби?» деп койот. 

Кийин Байсалдын агасы Өзбектикинде отуруп Шабдан кунду доолап калат. «Солтолор качан сарбагышты өлтүрдү эле» -деп качуу ачуланганда мурдунан кан атып кетет. Алдына чылапчын тосо калышат. «Канга -кан»- деп Шабдан доолаганын токтотуптур.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости