www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, Баткен районунун Булак-Башы аймагында нөөмөттө турган кыргыз чек арачылары Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өткөн тажик чек арачыларын көрүшкөн.

«Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүү талабына баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок аткан. Эки тарап ок атышып, анын жүрүшүндө тажик тарап миномет колдонгон. Алдын ала маалымат боюнча, жаракат алган жана каза болгон жоокерлер жок», - деп билдирди Чек ара кызматы.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын директору — генерал-майор У.З.Шаршеев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин командири — генерал-полковник Р.Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшүп, ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууга карабай, тажик тарап ок атууну улантууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы абалды курчутпоо үчүн бардык чараларды көрүп жатат жана тажикстандык кесиптештерин ок атууну тез арада токтотууга чакырат. Ок атуу токтотулбаса, жооп иретинде чара көрүү укугун колдонот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости