www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун Чыгыш Европадагы мүчөлөрүнүн аскердик жабдыгынын түгөнүшү АКШнын баш оорусуна айланды. Бул тууралуу Politico басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Автордун айтымында, Вашингтон союздаштарына америкалык коргонуу компанияларынан аскердик техника сатып алуу үчүн грант берүүнү чечкен. Мындай жолго АКШ бийлиги аргасыздан барууда.

"Вашингтон Украинага бир жолку курал-жарак жеткирүүгө караганда НАТОнун Чыгыш флангында жайгашкан өлкөлөрдү узак мөөнөткө курал менен камсыздап коюу туура деген чечимге келди окшойт. Өтүп бара жаткан аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинага жана коңшу өлкөлөргө 2 миллиард доллардан ашык аскерий жардам пакети берилгенин айтты. Бөлүнгөн сумманын жарымына жакыны Албания, Босния, Болгария, Хорватия, Чехия, Эстония, Грузия, Греция, Косово, Латвия, Литва, Молдова сыяктуу өлкөлөргө берилет. Вашингтондун пикиринде, булар "орусиялык агрессияга" кабылуу коркунучунда турат", — деп айтылат макалада.

Ошол эле учурда НАТОнун баш катчысынын мурдагы кеңешчиси Менфред Вернер Джо Байден Киевди көбүрөөк курал менен камсыз кылуудан коркуп жатканын, буга Орусиянын өзөктүк арсеналы себепкер экенин айтты.

"Орусиянын өзөктүк күчү бар, Москва миңдеген өзөктүк дүрмөт менен куралданып, баарына даяр турган кези. Биз кыжырына тийсек, АКШ калкын бир заматта жок кыла алат. Байден ошону ойлонушу керек. Президенттин негизги милдети — Американын калкын коргоо", — деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости