www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда алдын ала баалоого караганда, ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-августунда 506 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га өскөн. ИДПнын көрсөткүчү калкка кызмат көрсөтүү (46%), өнөр жай (19%), айыл чарба (дээрлик 13%), жана курулуш тармагынын (16%) өсүшү менен шартталган.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү январь-августта дээрлик 468 млрд сомду түзүп, 5,1 пайызга өстү", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости