www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Foreign Policy журналынын баяндамачысы Эдвард Олден экономикалык саясат боюнча Вашингтон менен анын европалык союздаштарынын ортосунда олуттуу пикир келишпестик пайда болуп, натыйжада жаңжал чыкканын жазган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

"Бир нече айдан бери ичтен айтып жаткан нааразычылык өткөн аптада "сыртка чыкты". Евробиримдиктин ички рынок боюнча комиссары Тьерри Бретон трансатлантикалык экономикалык саясат боюнча координациялоочу орган болгон Евробиримдик — АКШ кеңешинин жыйындарына катышпай турганын жар салды. Жыйын ушул жумада Мэрилендде өтмөк", — деди журналист.

Бретон "Европанын өнөр жай базасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоону" артыкчылыктуу багыт деп атаган.

Баяндамчынын айтымында, АКШ менен Евробиримдиктин ортосундагы пикир келишпестик Украинадагы жаңжалдан улам ырбап кеткен. Автор Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрүндө жаратылыш газынын баасы Америкадагыга караганда 10 эсе жогору экенин, бул европалык өнөр жайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кыйла начарлатканын белгилеген.

"Вашингтондун ар бир жаңы аракети тең салмактуулукту Европага эмес, АКШга инвестиция салган компаниялардын пайдасына бурат", — деп сөзүн аяктады Олден.

Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкциялардын киргизилиши жана россиялык отундан баш тартуу саясатынан улам баанын көтөрүлүшүнө жана инфляциянын өсүшүнө туш болууда.

Күйүүчү майдын, өзгөчө газдын кымбатташынан улам Европанын өнөр жайы атаандаштык артыкчылыктарын кыйла жоготту. Ошондой эле АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрүндө инфляция рекорддук деңгээлге жетүүдө.

Россия президенти Владимир Путин санкциялар бүткүл дүйнөлүк экономикага сокку урганын бир нече жолу белгилеген. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости