www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратуранын депутаттарга карата одоно мыйзам бузууларды иликтеп, укуктук баа берүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев сунуштады.
Анын пикиринде Башкы прокуратура колуна тийген эбегейсиз бийликке мансыркап, өздөрүн элден бийик сезип, эдин тагдыры менен ойноп көнүп калган.
"Жогорку Кеңеш стратегиялык объект. Башкы прокуратура депутаттарды суракка алып жатат. Бул мыйзамды сыйлабагандыкпы же мыйзамды түшүнбөгөүдүкпү? Мен бир нерсени түшүндүм. Башкы прокуратурада иштеш үчүн жакшы костюм, жакшы көйнөк, жакшы бут кийим болсо болду экен. Башка нерселерди билиштин кажети жок экен.
Башкы прокуратура аша чаап, Баш мыйзамдын 78-беренесин, Жогорку Кеңештин Регламентинин 137-беренесин, депутаттын статусу жөнүндө 24-беренесин одоно бузду. Эгерде мамлекетте мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөгөн орган, мыйзам чыгаруучу органдардын мүчөсүн Конституцияны одоно бузуу менен кысымга алып жатса, анда жөнөкөй жарандарга кандай кордук көрсөтүп жатканы баарыбызга белгилүү. Башкы прокуратуранын депутаттарга карата одоно мыйзам бузууларды иликтеп, укуктук баа берүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм. Биз Жогорку Кеңеш гана президенттин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындап, кызматтан ала алабыз", - деди Токторбаев.
Булак: NazarNews.kg