www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентинанын Экинчи Федералдык соту вице-президент жана өлкөнүн мурдагы башчысы Кристина Фернандес де Киршнерди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Аргентинанын «Ambito Financiero» гезити билдирди.

Кошумчалай кетсек, сот коррупциялык иш боюнча Киршнерди өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыраткан.

Үстүбүздөгү жылдын 23-августунда прокурор Диего Лучиани Фернандес де Киршнерди 12 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2016-жылдын май айында Аргентинанын вице-президентине кылмыш иши козголгону маалымдалган. Андан кийин судья Клаудио Бонадио аны, мурдагы экономика министри Алекс Кисиллофаны жана Борбордук банктын мурдагы башчысы Алехандро Ванолини фьючерстик соодада долларды арзан сатты деп айыптады. Алардын ар биринен 1 миллион долларлык мүлк конфискацияланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости