www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Дастан Бекешев Бишкектеги башаламан курулуш иштери боюнча пикирин бүгүн, 7-декабрда парламент жыйынында билдирди.

"Бишкек шаарындагы 11-кичи районундагы гараждар алынып, анын ордуна мамлекеттик ипотека ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү курганы жатат. Ал жаңы үйлөрдүн жашоочуларынын балдары кайсы бала бакчага, мектепке барышат? Кайсы ооруканаларда дарыланышат? Ал жакка ким почта бөлүмүн ачат? Албетте мунун бардыгы мамлекет эсебинен болот. Министрлер кабинети Бишкекте 20-40 мектеп курууга акча бөлө албайт. Бишкекетеги курулуш хоасун акырындан токтотуу керек. Бир гана Бишкек шаарына кура бербей, куруу иштерин өлкөнүн аймактарына да жайылтуу керек", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости