www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия өзүнүн Украинадагы атайын аскердик операциясынын алкагында АКШ жана НАТО Югославияны, Ирак, Ооганстанды бомбалагандай, эл жашаган аймактарды талкалабайт, деп билдирди Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев. «Биз АКШ менен НАТО сыяктуу Югославияда, Иракта же Ооганстанда миңдеген адам жашаган конуштарды аёосуз талкалагандай, шаарларды жана жарандык объектилерди бомбалап жаткан жокпуз», - деди ал.
Патрушев атайын аскердик операциянын алкагында «сокку, анын ичинде жогорку тактыктагы курал негизги чептерге, аэродромдорго, курал-жарактар сакталган жерлерге жана украин армиясынын аскердик техникасы топтолгон жерлерге урулуп жатат», - деп түшүндүрдү.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg