www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин тармактык комитети министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Депутаттар Төрөбаевден - доллардын курсунун кайра түшүп жатканына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын көтөрүлгөн баасын кайра төмөндөтүү үчүн көрүлчү чаралар тууралуу сурашты. Бакыт Төрөбаев доллардын баасы түшкөндөн кийин, кандай товар болбосун, баасы өз ордуна келиши керек экенин белгилеп, бул ишти көзөмөлгө ала турганын билдирди.

Төрөбаевдин айтуусунда, Кыргызстан учурда Кытай жана Өзбекстан мамлекеттери менен реэкспортко өзгөчө маани бериши керек. Андан тышкары Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга келип жаткан IT-адистерине да шарт түзүлөөрүн айтты.

Жогорку Кеңеш депутаты Жанарбек Акаев Орусиядан IT-адистеринин көп келип жатканына байланыштуу 30 күндүн ичинде каттоого туруу мөөнөтүн узартууну сунуштады.

Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги эми Жогорку Кеңештин сессиясында каралып, колдоо тапса, президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости