www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын жана Россиянын өкүлдөрү 27-июлда Венада космостогу коопсуздук маселелерин талкуулап жатышат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Иш-чара бир нече ай мурда пландалган. Анда кийин ушул эле Австриянын баш калаасында өзөктүк курал боюнча үч күндүк сүйлөшүүлөр өтөт. 

24-июлда АКШ мамкатчысынын эл аралык коопсуздук боюнча жардамчысы Кристофер Форд «Москва менен Бээжин космосту согуш талаасына айлантышты» деп билдирген.

Вашингтон космосто жоопкерчиликтүү аракеттерди жүргүзүүнүн эрежелерин киргизүүнү сунуш кылып жатат.

АКШ менен Орусиянын космос коопсуздугу боюнча соңку эки тараптуу жолугушуусу 2013-жылы өткөн.

Кошмо Штаттар менен Британия Орусияны 15-июлда космосто жандоочко каршы куралдын сыноосун өткөргөнү үчүн айыпташкан.

Москва бул дооматты четке кагып, 15-июлда жандоочторду текшерүү операциясын жүргүзөнүн билдирген.

Форддун айтымында, Орусия мындай сыноону экинчи жолу жүргүзүп жатат. Биринчи сыноо 2017-жылы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости