www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Европадагы атайын операциялар командачылыгынын мурдагы башчысы, отставкадагы генерал-майор Майк Репас НАТО өлкөлөрүн Украинанын аймагында Орусия менен согушуу үчүн украиналыктардан бригада түзүүгө чакырды. Бул тууралуу Лента.ру жазды.

Экс-аскерий командачы Орусиянын атайын операциясын болтурбоо үчүн Батыш өлкөлөрүнүн Киевге курал-жарак жеткирүүсү жетишсиз экенин, анын айтымында, Түндүк Атлантикалык альянстын мүчөлөрү ушундай тыянакка келишкен.

«АКШ, Франция, Польша, Улуу Британия жана Германия бригадага барабар украин аскер бөлүгүн түзүшү керек. Бул өлкөлөрдүн аскерий потенциалы жетиштүү, ошондуктан, алар Украинанын аскердик күчтөрүн түзүп, аларды жабдып, өз аймагында машыктыра алышат», - деп билдирди Репас.

Генерал кошумчалагандай, Украинанын Куралдуу күчтөрү мындай учурда «батыштык жол менен согушууга» жөндөмдүү жана танктар, абадан колдоо жана НАТОнун абадан коргонуу күчтөрү болот.

Репас украиналык беш бригаданы түзүү үчүн алты-сегиз ай керек деп эсептейт. Аларга Киев тарабынан бериле турган 40 миңге чейин адам кирет.

5-майда Вашингтон Киевге орус аскерлеринин өлүмүнө алып келген чалгын маалыматтарын бергени белгилүү болгон. Мындай маалыматты The New York Times (NYT) америкалык жогорку даражалуу аткаминерлерге шилтеме кылып жарыялады. Алардын ырасташынча, АКШ согуштук аймактарда болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматты Украинага интернет аркылуу берип жатат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости