www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Кыргызстанда жергиликтүү соттордун 312 судьясы өлкөнүн аймактарына ротацияланды. Мунун коррупцияны жоюуга жардамы болобу?

-- Коррупциянын түрлөрү көп. Коррупциялык схемалар да көп. Биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу мыйзамыбызда “Коррупциянын жолу кандай болот?” деген эң негизги тогуз түрү көрсөтүлгөн.

Бир эле ротация менен сот системасы жоюлуп кетпейт. Коррупция кечээ эле чыккан эмес, керек болсо союз учурунда деле болгон. Бирок тилекке каршы, акыркы 30 жыл аралыгында көбүнчө судьялар өздөрүнүн кара курсагы, кызыкчылыгы үчүн иштеп жүрүшкөн.

30 жыл деген негизи бир муун өсүп чоңойгон доор. Корруцияны жоюу негизинен адамдардын сапатынан чыгат. Биринчиден, судья коррупцияга жакын болсо, ал жалгыз эмес, адвокаты бар, кылмышкерлер бар.

Өздөрү кылмышты жасап, кайра чочулап жатышат. Кылмыш кылгандар уурдашканбы, мушташканбы, зордошконбу? Кылмышты жасап коюп, анан судьяларды колго алып жатышат.

Бизде коррупция жок болушу жана судьялар эгемен болушу үчүн биринчиден, судьянын адамдык сапатын караш керек. Айлыкты канча көтөрбөйлү, мыйзамдарды канчалык кабыл албайлы, эгер адам коррупцияга жакын болсо, ал эл үчүн, адилеттик үчүн жана мыйзамдуулук үчүн кызмат кылбай, өзүнүн жеке чөнтөгүнө кызмат кылат.

Ошондуктан ушул жагына да баа бериш керек. Ошону менен бирге кылмышкерлер, адвокаттар менен да иш алып баруу зарыл. Ротация коррупцияга каршы болуп жатканда бир эле күрөшүүнүн түрү болуп жатат. Негизи судьяларды “болуп жаткан коррупциялык системадан тышкары болсун” деп ротацияга жиберип жатышат.

-- Сот системасында коррупция кандай ишке ашат?

-- Адвокат өзүнүн тааныш судьясына кирип, ишти бүтүрөт. Тааныш судья жок болуп калганда, коррупция деңгээли төмөндөйт десек болот. Негизи алар жаңы адам келгенде жеке кызыкчылыгы азыраак конок болуп калат.

Ар кайсы аймактарга улам алмаштырып жылдырып койсо, ушул жагы жакшыраак. Бир жерге отургузуп эле тамырларын жайылтып койсо жемкорлук болбой койбойт, же ар кандай формалдуу эмес жолдорго барышы ыктымал.

Коррупция жалаң эле сот системасы эмес, жергиликтүү бийликте да бар. Баары коррупциялык байланышты түзүшөт. Байланышты үзүү үчүн адамдарды алмаштырган туура иш. Бирок дагы кайталайын, ротация коррупцияны жоё турган жалгыз инструмент эмес.

Башка дагы корруцияны жоюучу эң керектүү инструменттерди колдонгон оң.

Булак: Азия News гезити

Последние новости