www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунда катталган өзгөчө кырдаалды жоюуга кечиктирилгис штабдык жыйын өтүп, анда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ыкчам чараларды кабыл алды.
Мекемден билдиргендей, селдин кесепеттерин ыкчам жоюуга ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысына кошумча күч жана каражаттарды тартуу тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары, жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрүн жумушка тартуу, ар бир кызмат өз жумуштарын так алып баруу тапшырмалары коюлду.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө калктуу конушта жашаган жарандардын турак жайларын камсыздандыруусу боюнча сөз болуп, жарандарга бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын коюлду.
Булак: NazarNews.kg