www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Литвага болгнон сапары учурунда АКШ НАТОнун чыгыш флангына дагы миңдеген аскер жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.


"Биз НАТО боюнча союздаштарга болгон милдеттенмебизди абдан олуттуу кабыл алабыз, НАТО келишиминин 5-беренесин сактоо боюнча биздин милдеттенмебиз болоттой күчтүү. Биз НАТОнун чыгыш флангына кошумча америкалык аскерлерди жөнөттүк жана керек болсо дагы миңдеген аскерди жөнөтүүгө даярбыз", - деди Остин Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис менен болгон биргелешкен маалымат жыйынында.

Буга чейин Литванын президенти Гитанас Науседа АКШнын вице-президенти Камала Харристен ротациялык батальонду туруктуу жайгаштырууну жана Литвадагы америкалык аскерлердин санын көбөйтүүнү суранган.

Белгилей кетсек, Орусиянын Коргоо министрлигинин башчысы машыгуунун бир бөлүгү аяктап баратканын жана дагы бир бөлүгү жакынкы аралыкта бүтөөрүн билдирген.

Булар: NazarNews.kg

 

Последние новости