www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улан Ниязбеков коллегияны жыйынтыктап жатып, өздүк курамдын алдына бир катар маселелер боюнча конкреттүү беш багыттагы тапшырма койду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Министрдин ар бир орун басарына өз багыттары боюнча жоопкерчилик жүктөлүп, берилген тапшырмалар алар тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып, анын ар бир пунктунун өз убагында аткарылышы керек экендиги баса белгиленди.
Биринчи багыт: Профилактика иштерин күчөтүп, заманбап сервистик тейлөөнү калыптандыруу менен элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча тапшырмасы Октябрь Урмамбетовго жүктөлүп, аны жеке көзөмөлгө алып, иш алып барышы керектиги айтылды.
- Коомдук коопсуздукту камсыздоо, элге сервистик тейлөө көрсөтүү багытында иштер күчөтүлсүн;
- Милициянын көчмө кабылдамалары, бирдиктүү терезелер, кайгуул кызматтары, ыкчам-тергөө топтору, нөөмөт бөлүктөрү, командалык борбору, мониторинг борбору жана башка элге биринчи кезекте тейлөө көрсөткөн түзүмдөр күнү-түнү коомчулуктун кызматында болуп, милдеттерди аткарсын.
- Калктын аярлуу катмарын түзгөн жаш балдарга, аялдарга, улгайган адамдарга, ден соолугу чектелген адамдарга карата кылмыштуу кол салуулардан сактоо боюнча иш-чаралар күчөтүлсүн;
- Жаш өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизген, анын ичинде интернет тармагын пайдалануу менен ишмердик жүргүзгөн адамдардын ишине бөгөт коюлуп, жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштери күчөтүлүп, мектептердеги окутуучулук жамааты жана ата-энелер менен биргелешкен иштерди жүргүзүү колго алынсын.
- Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга комплекстүү мамиле уюштурулуп, жол кырсыктары болушу мүмкүн болгон тилкелерге, айыл-шаарларды бириктирген жолдорго кызматкерлер бекитилип, санариптештирүүнүн алкагында видео-камералар орнотулган учурга чейин коопсуздук иштери алып барылсын;
- Айдоочулук күбөлүктөрдү алууга, унааларды каттоого жана башка маселе боюнча келген жарандарга сервистик кызматтар көрсөтүлүп, жарандардын узун сап кезек күтүүсүнө жана нааразы болуусуна жол берилбесин. ИИМдин Унаа мекемесине санариптик багытта видео-камераларды орнотуу, заманбап элди тейлөө пункттарын ачуу иштери жасалсын;
- Күзөт кызматынын жана Ички аскерлердин ишмердиктери чыңдалсын. Маанилүү жана өтө маанилүү объектилерди коргоо, чек ара жаңжалдарын болтурбоо боюнча кошумча аракеттер көрүлсүн.
Экинчи багыт: Кылмыштарды акыйкат тергөө, жардам сурап кайрылган жарандардын арыздарын мыйзам чегинде чечүүнү уюштуруу боюнча тапшырмасы Эркебек Аширходжаевге жүктөлүп, ал дагы жеке көзөмөлгө алып, иш алып баруу талабы коюлду.
- Сотко чейинки өндүрүш иштерине калыс жана ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүп, туура чечимдер кабыл алынсын:
- Мыйзамсыз жоопко тартууга, жарандардын арыз-даттануусун жараткан абалга жол берилбесин;
- Ар бир кайрылган жарандын арызына туура юридикалык баа берилип, кылмыштарды жаап-жашыруулар, мыйзамсыз бурмалоолор болтурулбасын;
- Эксперт-криминалистикалык багытта кылмыштардын бетин ачуу, мурда соттолгон адамдардын кол-манжа издерин атайын эсепке алуу жана эксперттик багытта заманбап ыкмалар менен иш алып баруу боюнча маселе колго алынсын;
- Тергөөчүлөрдү жаңы кодекстердин алкагында окутуп, үйрөтүү, кылмыш иштерин тергөөдө кызматтык жана күжүрмөн чеберчилигин өркүндөтүү багытында таалим-тарбиялык жана окутуп-үйрөтүү иштери уюштурулсун.
Үчүнчү багыт: Катталган кылмыштардын бетин ачуу, мурда катталып бети ачылбай калган кылмыштардын бетин ачуу боюнча тапшырмасы Нурбек Абдиевге берилип, ал дагы жеке көзөмөлгө алып, иш алып баруусу милдеттендирилди.
- 2021-жылда бети ачылбай калган кылмыштардын бетин ачууга карата ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлсүн;
- Жарандардын турмуш-тиричилик абалына терс таасирин тийгизген уурулук, мал уурулук, батир уурулук жана башка ушул сыяктуу кылмыштардын бетин ачуу жана аларга бөгөт коюу иштери уюштурулсун;
- Уюшкан кылмыштуулукка, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга, баңгиликке, коомдук жайлардагы массалык бейбаштыктарга, жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, эл арасында резонанс жараткан кылмыштарга жана башка оор, өтө оор кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлсүн;
- Жабыр тарткан жарандардын материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо, дайынсыз жоголгон жарандарды аныктоо, анын ичинде өзгөчө жаш балдарды издеп табуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш-чаралар алып барылсын;
- Эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоо, автоунааларды аныктоо боюнча интерпол багытында ишмердик күчөтүлсүн.
Төртүнчү багыт: Берген антына бекем турган, жогорку сапаттагы кадрларды даярдоо, ишмердикти уюштуруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, кызматкерлерди окутуп, үйрөтүү жана милициянын жаңы образына жетүүгө талыкпаган аракеттерди көрүү боюнча тапшырма Адылбек Бийбосуновго берилип, аткарылышын көзөмөлдөөсү айтылды.
- Таза эмес, коррупцияга аралашкан, кызматтын баркын саткан, өлкө үчүн эмес, жеке керт башы жана кызыкчылыгы үчүн ар түрдүү кызматтык жасалмачылыктарды, бурмалоолорду жасап, анын натыйжасында кыргыз милициясын уят кылган кызматкерлерден арылуу иштери жүргүзүлсүн;
- Сапаттуу кадрларды даярдоо, кызматкерлерди окутуп, үйрөтүү, адеп-ахлакты туу туткан, эли жери үчүн ак кызмат кылган кесипкөй кызматкерлерди даярдоо негизги приоритет катары белгиленсин;
- Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо, жардам сурап кайрылган жарандарга шарт түзүү боюнча заманбап имараттарды куруу, талапка ылайык келтирүү үчүн имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлсүн;
- Президентибиздин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин тескемелерин жана иш-мерчемдерин, мамлекеттик программаларды, коллегиянын чечимдерин өз убагында аткарылуусу көзөмөлгө алынсын;
- Мамлекеттик сатып алуу, Финансы-чарбалык башкармалыктардын ишмердиктери чыңдалсын. Бюджетке каралган акча-каражаттарын сарамжалдуулук менен пайдаланууга басым жасалсын;
- Кызматкерлердин тамак ашына, кийим-кечесине жана ишмердикке бөлүнгөн каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууларга жол берилбесин.
Бешинчи багыт: Санариптик өнүктүрүүнүн алкагында, ички иштер органдарынын ишмердигин жаңы баскычка чыгаруу боюнча тапшырмасы Сүйүнбек Ниязбековго жүктөлүп, анын аткарылышын көзөмөлдөө керектиги эскертилди.
- Элге сервистик тейлөө көрсөтүүнү күчөтүү үчүн, эл аралык талаптарга жооп берген заманбап ыкчам тейлөө иштери уюштурулсун;
- Ички иштер органдарындагы иш кагаздарын электрондук форматка өткөрүү, санарип багытында IT тармагы боюнча кадрларды даярдоо, электрондук коопсуздук мейкинин түзүү иштери алып барылсын;
- Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдүн Ички иштер министрликтеринин санарип багытындагы тажрыйбаларын эске алып, биздин өлкөнүн негизги турмушуна дал келген жаңы технологияларды ишке киргизүү менен жарандардын коопсуздугун сактоонун жаңы баскычына чыгуу - негизги милдет катары белгиленсин.
- Автоматтык эсептөө каражаттарын, видео-камераларды, боди камераларды, планшеттерди жана башка ушул сыяктуу кызматта колдонуучу жаңы форматтагы технологияларды алуу маселеси каралсын.
Бүгүнкү коллегиянын чечими ИИМ тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарылышына өзгөчө көңүл бурула тургандыгы белгиленди.
“Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн”, - деп баса белгиледи Улан Ниязбеков, коллегияны жыйынтыктап жатып.
Коллегиянын жыйынтыгы менен жети жетекчиге тартип жазалары берилди. Ал эми ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, тергөө кызматынын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын, Нарын, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын жана Кемин, Кочкор, Тоң, Чоң-Алай, Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук, Москва, Жайыл РИИБнин ишмердүүлүгү 2022-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы менен каралат.
Булак: NazarNews.kg