www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мамлекеттик департаменти камактагы оппозициячы Алексей Навальный менен анын тарапташтарын "террористтердин жана экстремисттердин" тизмесине киргизүү тууралуу орус өкмөтүнүн чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Вашингтондогу басма сөз жыйынында Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс Москваны тез арада Навальныйды абактан бошотууга чакырды. Өз сөзүндө ал Орусия зомбулукка каршы болуп жаткан бейөкмөт уюмдарга карата "экстремизм" сөзүн колдонууну токтотушу керектигин айтты.
25-январда Навальный жана анын бир нече тарапташы террорчулар менен экстремисттердин тизмесине киргизилгени кабарланган. Бул тизмедеги адамдардын орус банктарындагы эсептери дароо камакка алынат.
Былтыр июнда Москва шаардык соту Навальныйга байланышы бар баардык уюмдарды "экстермисттик" деп тапкан.
Булак: NazarNews.kg