www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бульбулоятор" булбулдун айынан Бишкек ШИИБде концерт коюлуп, төкмөлөр ырдашып, өзгөчө объектинин астында коопсуздукка шек келтиргендей ишарат жаралган. Дал ушундай кезеңде тийиштүү жетекчилер коңулга баштарын катышып, чээнге кирип кетишкенин кийин уктук.
Бирок, Ички Иштер Министри Улан Ниязбеков убагында реакция жасап, орун басары Нурбек Абдиевди тартипти көзөмөлдөө үчүн жөнөтүп, туура кадам таштаптыр.
Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаев ызы-чууда кабинетине корголой калып, чыкпай жатса, баардык "Операцияны" уюштурган Улан Султановдун дайыны жок, ИИМдин башка орун басарлары да баштарын катышып, айтор, кызык кырдаал жаралыптыр.
Дал ушундай шартта Нурбек Абдиев митингчилерге реалдуу сөзүн тартынбай айтып, үнүн өктөм чыгаруу менен фактыга таянганына күбө болдук. Кырдаалга жараша туура кадам жасаганын көрдүк, кылмышка шектүүнү үй камагына чыгаруу менен коомчулукту жайгарып, бирок көзөмөлдү катуу кылып, иш уланууда. Абдиев мыйзамдуу алкакта өзүн көрсөтүп, чеп катары туруп бергени маанилүү болду.
Кыйчалыш кырдаалда кимдин ким экенин түшүнөт экенбиз. Саясат жасабаган, интригадан алыс, чыныгы опер катары мыйзамдын чегинде кызмат кылып жаткан кадрга мамлекет баа бериши керек. "Жаман айтпай жакшы жок" дейт, эгер чек арада согуш чыгып кетсе, мындай колбашчыны алдыга салып, эл үчүн жөнөтсөңөр сыймыктанасыңар!
Себеби, сейрек адам гана өлүмдөн коркпой, сүйгөн иши, мамлекеттин туруктуулугу үчүн башын тобокелдикке байлап, кете берет. Өздүк курамда терең сыйлаганы жашыруун эмес. Ички духунун бийиктиги, ак ниеттиги менен Нурбек Абдиев өзгөчөлөнө алды. Алдыртан мындай азаматты жогорку жетекчилик баалап, генерал-майор чин даражасын ыйгарса деле жарашат.
Себеби, элибиздин келечеги үчүн жанын садага чабары шексиз. Өсө турган мыктыларга мамлекеттин стимул берүүсү шарт. Баардык өлкөдө татыктуулар убагында бааланат. Ошондо гана коопсуздук коллективдүү негизде корголот...
Ток этери, дээрлик милицияны "блудняга" түрткөн "үч тамга" экени жогорку жетекчиликтер тарабынан деле айтылып, кабатыр болушканынан кабар алдык. Азыр коомчулуктан эч нерсени жашыра албайсын. Акыйкат үчүн күрөш жүрүп атат.
Булак: Азия News гезити