www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн кол башчысы, генерал Скотт Миллер Ооганстандагы жаңжалдын курчушу жарандык согушка алып келиши ыктымал экенин айтты.

Миллердин билдиришинче, радикал "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы жаңы аймактарды өтө тездик менен басып алышы бул өлкө менен чектеш жашаган башка мамлекеттерди тынчсыздандырышы керек.

Генерал Миллер 29-июнда Кабулда өткөн маалымат жыйында "Озоди" радиосунун "Талибандын" позицияларына чабуул жасоо уланышы мүмкүнбү” деген суроосуна жооп берип жатып, талибдер бул чабуулдардын уланышын каалабаса, бардык аскердик операцияларын токтотушу керектигин айтты.

Буга жооп иретинде "Талибан" кыймылынын маалымат катчысы Забехулло Муджохид АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнү создуктуруу менен Катарда жетишилген келишимди бузуп жатканын билдирди.

14-апрелде АКШнын президенти Жо Байден 11-сентябрга чейин Ооганстандагы америкалык аскерлер толугу менен чыгарыларын жарылаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости